Жаңылыктар
Товарларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоордун мөөнөтү узартылды
Кыргызстан жаңылыктары
Товарларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоордун мөөнөтү узартылды

Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча унаа менен ташылуучу товарларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоордун мөөнөтү узартылды. 

Мамлекеттик салык кызматы маалымдагандай, тийиштүү чечимге Кыргызстан жана Казакстандын салык органдарынын жетекчилери кол коюшту. Мурда пилоттук долбоордун мөөнөтү 2020-жылдын 10-декабрына чейин аныкталса, учурда пилоттук долбоор 2021-жылдын 10-мартына чейин болот.

Ушул мезгилде Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча товарларды ташууда өзү алып өтүүчү товарлардан тышкары, унаа каражатынын жүк турган бөлүктөрүнө навигациялык пломба илинет. 7 мүнөттөн ашпаган убакытты талап кылган жол-жобо Казакстандын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат. 

Ташуучулардын пилоттук долбоорго катышуусу ыктыярдуу жана акысыз негизде ишке ашырылат. Ошол эле учурда өткөрмө пункттарында, атайын бөлүнгөн жерлерде жана ошол жолдордо пилоттук долбоорго катышуунун алкагында навигациялык пломбалары бар жүк ташуучу автранспорттук каражаттарга контролдоонун кошумча түрлөрүн жүргүзүүгө жол берилбейт.