Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунда 65 айылга инвестициялык каражат тартылат
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад облусунда 65 айылга инвестициялык каражат тартылат

Жалал-Абад облусунда 65 айылга инвестициялык каражат тартылат. Бул туурасында өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

"CASA-1000 жергиликтүү коомчулукту колдоо үчүн кошумча каржылоо" жаңы долбоорунун алкагында кыргыз өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы атайын каржылык макулдашуу жүргүзүлгөнү айтылат. Бул багытта өткөн жыйынга облус жетекчиси Абсаттар Сыргабаев, долбоордун уюштуруучулары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан.

"Каражат COVID-19 пандемиясында жабыркаган айылдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталат. Биринчи этаптагы жумуштар Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен районундагы тандалган айылдарда жасалат. Мында медициналык мекемелердин абалын жакшыртууга басым жасалмакчы. Каражатты пайдаланууда жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрү менен сунуштары да эске алынат", — деп айтылат маалыматта. Долбоор АРИС аркылуу 2024-жылга чейин иштеп, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын 151 айыл аймагын камтыйт. Жалпы бюджети 21 миллион доллар, анын 50 пайызы грант түрүндө эсептелет.