Бишкектеги мектептердин салттуу тартипте окутууга өткөн биринчи күнү 53 миңден ашуун окуучу мектепке барды. Ал эми 4 миңге жакыны аралыктан окуп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, борбор калаада 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары мектепке барып окуй баштады. Ошондой эле алты миңден ашуун мугалим кадимки жана аралыктан билим берүү тартибинде сабак өтүүдө.
Мектептер дезинфекциялык каражаттар, антибактериалдык самындар, санитайзер, термометр жана башкалар менен камсыздалган.
Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы мектептерге жеке коргонуучу каражаттарды алууга 6 млн 800 миң сом бөлдү.