Жаңылыктар
УКМК: Финполдун башкармалыгынын жетекчиси кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Финполдун башкармалыгынын жетекчиси кармалды

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын башкармалыгынын башчысын мыйзамсыз байыган деп кармады. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, Финполдун ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси 2014-жылдан тарта Ош жана Бишкек шаарларында 15тен ашык кыймылсыз мүлккө ээ болгон. Анын бардыгы жакын туугандарына катталган. Мындан сырткары, Ош шаарындагы 13 кабаттуу турак үйдүн, ресторандардын, дүкөндөрдүн жана май куюучу жайлардын курулушунун чыгымын көтөргөн. 

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кыймылсыз мүлк жана финансылык активдери 4 миллион долларга бааланып, мыйзамдуу кирешесине дал келбей жатканы айтылат. Финполдун башкармалыгынын башчысы 18-январда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда