Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна күнгө 30-40 адам тоодогу жылгаяктан жаракат алып кайрылууда. Жыл сайын кыш мезгилинде миңдеген адамдар муздан тайгаланып жыгылып, арасында майып болгондору да бар. Дарыгерлер эс алуу маалында коопсуздук эрежелерин сактоону эскертет.
Беш-Күңгөйдөн жылгаяк тээп түшөм деп төрт адам отурган баллонду башкара албай кулаган Асель азыр баш мээси чайкалып, сол колу каттуу кайрылып ооруканада жатат. Ал буга чейин да көп жолу эс алууга барганын бирок биринчи жолу кырсыкка кабылганын айтат.
Тоодо жылгаяк тээп эс алууда баарынан баллонго отурган эс алуучулар көбүрөөк жабыркашат. Жумшак баллон бийик жерден же таштан секиргенде адам өмүрүнө коркунуч келтирген жаракаттар менен коштолот. Уулу, жэЭни өзү болуп бир баллондон жабыркаган Таалайгүл Шабданалиева эки күндөн бери ооруканада. Эс алам деп эсине келе албай башы чайкалып, эми минтип дарыгердин көмөгүнө муктаж.
Жылгаяктан жаракат алгандардын көпчүлүгү омуртка, бел, акырек жана жамбаш сөөктөрү сынып кеткендиктен жок эле дегенде бир айдан ашык дарыланууга туура келет. Баш мээси чайкалгандарга болсо алгач реанимацияда жардам көрсөтүлүп, кийин күнүмдүк палаталарга которулат.
Жыл сайын кышкысын жылгаяктан жыгылгандар көп кайрылгандыктан белгилүү дарыгер Сабырбек Жумабеков өзү тоого барып жарандардын катачылыктарын көрүп келди. Ал эс алуучулар арасында коопсуздукту так сактабай өз өмүрүн тобокелге салганДАРГА жолугуп кеңешин айткан. Көп жолу айтылганы менен жыл сайын кышкысын ооруканада кайрылгандардын саны эселеп өсүп, жылдагы катачылыктар кайталанып турат.