Жаңылыктар
Ош баштапкы жашоого кайтууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ош баштапкы жашоого кайтууда

Ош шаары менен облустагы медициналык мекемелерге 26 тез жардам унаасы берилди. Акыркы бир аптадан бери калаада коронавируска чалдыккандар катталган жок. Ал арада, билим берүүчү мекемелер толугу менен кадимки окуу режимине кайтты.

Шаардагы №4 мектеп окуучуларынын санынын көптүгү боюнча алдыңкы орунда. 4 миңге чукул бала билим алат. Жаңы чейрек жаңы эреже-талаптар менен башталды. Дезинфекциялоочу тоннелдер орнотулуп, кирип-чыгуу жолдору эки аймакка бөлүндү. 

Күнүнө 20 литрдей антисептик каражаты талап кылынат. Мындан жарым айга гана жетчү кору бар.