2020-жылдын декабрында ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары 2025-жылга чейин Евразия интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын бекитишкен. Эми алар жакынкы беш жылга карата биримдикке кирген өлкөлөр арасында экономикалык өнүктүрүүнү аныкташат. Стратегиянын эки негизги темасы - биримдиктин бардык аймактарын санариптештип, дүйнөгө ачыктыкты камсыздоо.
Пандемия Кыргызстанга жагымсыз жагдайлар менен кошо оң таасирин да көрсөткөнүн байкасак болот. Эгер санариптик технология көз карашы менен карап көрсөк, бул чөйрөдө чоң секирик жасалды. Аралыктан окутуу менен биргеликте, онлайн ыкмада иштөө, ар кандай маалымкаттар менен кошо, социалдык багыттагы керектүү документтерди бүткөрүүгө боло тургандыгын жон терибиз менен сездик. Албетте мунун баардыгы күнүмдүк турмушта санариптик технологияларды киргизүү аркылуу ишке ашты.
Ал эми экономикалык ишмердүүлүктөгү санариптештирүү соода-сатыкта жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө өнөктөш байланыштарды жолго салуу менен да чоң жылыштарды берет. Бул маселе өткөн жылдын соңунда ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары 2025-жылга чейин Евразия интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын бекитишкен учурда да баса белгиленген.
Санариптештирүүнүн алкагында жыл жаңыргандан тарта товарларды маркирлөө ыкмасы, ушул тапта баардык тигүү цехтеринде жана ата мекендик ишканаларда милдетүү түрдө жүргүзүлүп баштады. Эми Кыргызстандагы кийим-кече, трикотаж буюмдары, шейшептер, ашкана жана даарат кагаздары баштаган бир катар товарлар электрондук маркирлөөдөн кийин гана коңшу өлкөгө ташылып кирет. Товарды маркирлөө белгилүү бир өлчөмдөгү чыгашаны талап кылат, бирок ошол эле кезде артыкчылыктары да бар дешет ишкерлер.
Жеңил өнөр жай товарларын маркирлөө ыкмасы, товардык агымдарды көзөмөлдөөгө жана санариптештирүүгө жардам берет. Дал ушул сыяктуу экономика тармагын санариптештирүүдө бир катар алгылыктуу аракеттер бар.
Санариптик байланыш - бул ар кандай каражаттарды, анын ичинде жаңы технологияларды колдонуунун негизинде маалыматты кабыл алууну, берүүнү жана жайылтууну камсыз кыла турган экономика тармагы болуп калды. Бул багытта ушул тапта өлкө ичинде гана эмес, ЕАЭБ өлкөлөрү арасында ишке ашырыла турган бирдиктүү долбоорлор бар.