Жаңылыктар
Бишкек - Исфана аба каттамы жанданды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек - Исфана аба каттамы жанданды

Кыргызстанда Бишкек - Исфана - Бишкек аба каттамы ишке кирди. Исфана шаарынын Исхак Раззаков атындагы аэропорту бүгүн бул багыттагы алгачкы каттамды кабыл алып, борбордон Баткенге 81 киши учуп барды. Учак жумасына бир жолу, "Тез жет" авиакомпаниясы аркылуу каттайт. 

 "Манас" эл аралык аба майданынан көтөрүлгөн учак туура 1 саат 15 мүнөттөн кийин Исфана шаарынын Исхак Раззаков атындагы аэропортуна келип конду. Алгачкы каттам менен борбор калаадан Баткенге 81 жүргүнчү учуп келсе, кайра Исфана - Бишкек аба каттамынын кызматынан 105 адам пайдаланды. 

Аба каттамдын ачылышын жарандар көптөн бери күтүп келишкен. Борбор калааны көздөй унаа менен он саат жол жүргөн тургундар эми бир жарым саатка жетпей көздөгөн жеринде болуп калышат.

Аэропорттун курулушу 2020-жылы бүткөрүлүп, ага мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылган. Долбоордун алкагында учуп-конуу тилкеге, рулеждук жолчого, аба кемелерди токтотуучу жайга жана перронго оңдоо иштери жүргүзүлдү. Заманбап атайын геосинтетикалык курулуш материалдарын колдонуу менен 75 миң чарчы метр асфальт бетон төшөлдү. Учуп-конуу тилкесинин жалпы узундугу 1735 метр, ал эми туурасы 35 метр.

Мындан тышкары, 2019-жылы жалпы аянты 553 чарчы метр болгон жаңы аэробекет курулган, ичинде жүргүнчүлөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, алар - каттоочу орундар, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн текшерүүчү аппараттар, жүк лентасы, эне-бала бөлмөсү жана башкалар. Бишкек - Исфана - Бишкек аба каттамы мындан ары үзгүлтүксүз жүргүзүлмөкчү.