Жаңылыктар
Жол киренин наркын жогорулатууга негиз барбы?
Кыргызстан жаңылыктары
Жол киренин наркын жогорулатууга негиз барбы?

Бишкек шаарынын ичинде жүргүнчү ташыган айрым кичи автобустардын айдоочулары эртең менен ишке чыккан жок. Түштөн кийин гана маршруттук каттамга чыккандар арбый баштады. Алар жол киренин баасын көтөрүү талабы менен иш таштай турганын кабарлаган. Шаар бийлиги болсо, тарифти дароо жогорулатуу мүмкүн эмес экенин, ал атайын эреже менен жөнгө салынаарын билдирди.

Айдоочулар күйүүчү май жана унаа тетиктеринин баасы жогорулаганы менен жол киренин баасы өзгөрбөй жатканын жүйөө келтирип, аны 15 сомго жеткирүүнү талап кылышууда. Мындан улам кичи автобустардын айдоочуларынын жарымы гана ишке чыкты.

Аялдамада жүргүнчүлөр көп. Каттамдарды күтүп турушат. Кичи автобустардын азайганы дароо байкалды. Жүргүнчү ташуу менен алектенген айрым ишканалар кызматын өтөп жатса, айрымдары айдоочуларды жарым жартылай ишке чыгарды. Каттамды таптакыр токтотуп койгон ишканалар да бар. Бул жагдай айдоочулардын ортосундагы талашка себеп болду. Иш таштоону колдобогондорду коркутуулар болгону кабарланды. Шаар бийлиги бул фактылар териштирилип, мыйзам чегинде чара көрүлөөрүн эскертти.

Түзүлгөн абалга байланыштуу шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев айдоочуларга кайрылып, тарифти көтөрүү дароо чечиле турган маселе эмес экенин эскертти. 

Мындай эскертүүдөн кийин айрым каттамдар толугу менен калыбына келди. Калаа бийлиги жүргүнчү ташуучу ишканаларга кайрылуу жөнөтүп, коомдук транспорттордун иши үзгүлтүккө учураса тиешелүү чара көрүлөөрүн буга чейин да эскерткен. Ал эми шаардык милиция болсо “айдоочулардын арасында нааразычылык акцияларын уюштуруу менен чагымчыл чакырыктар болот” деген маалыматтар бар экенин кабарлады.

Кичи автобус менен шаар ичинде жүрүүнүн наркы 2008-жылы 5 сомдон 8 сомго, ал эми 2012-жылы 10 сомго жогорулаган. Учурда борбор калаада автобус, троллейбустардан сырткары эки миңдей кичи автобус жүргүнчү ташыйт.