Жаңылыктар
Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу
Кыргызстан жаңылыктары
Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу

Өлкөдө бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу жараяны башталды. Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларацияларын кабыл алууда. 

Бирдиктүү салык декларациясын 1-мартка чейин - юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар былтыркы кирешелери, же жер участоктору, мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык кызматына маалымат берүүлөрү кажет. Эгер салык төгүү мөөнөтүн бузгандар болсо айып пулга жыгылат. 

Дайрагүл Ибраева шаардын Биринчи май райондук салык кызматына салык декларациясы менен салык отчётун тапшыргандардан. Айтымында буга чейин маалымат берүү татаалыраак болсо, жыл өткөн сайын салык декларациясын тапшыруу жол-жоболору жеңилдеп барат. Соңку жылдары салык төккөндөргө атайын логин жана сыр сөз бериле баштады. Анын негизинде үйдөн же кеңседен эле салык маалыматтарын тапшырса болот. 

Тармакты санариптештирүүнүн натыйжасында салык декларациясын эки ыкмада тапшырса болот. Бул электрондук негизде же болбосо салык кызматынын тиешелүү бөлүмдөрүнөн деле тапшырса болот. 

Кезектеги бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу жараяны эки баскычта өткөрүлөт. 1-мартка чейин - юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар өткөн жылы алынган кирешелери, жер участоктору жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына маалымат тапшыруулары кажет. 

Эгер белгиленген мөөнөттө салык декларациясын тапшырууга жетишпей калгандар болсо административдик айып каралган. Ага ылайык юридикалык жактар 3000, ал эми физикалык жактар 1000 сомдук айып пулга тартылат.