Жаңылыктар
Калааны каптаган кара түтүндүн себеби иликтенет
Кыргызстан жаңылыктары
Калааны каптаган кара түтүндүн себеби иликтенет

Бишкекти каптаган коюу түтүндүн себептерин иликтөөнүн алкагында, Жылуулук электр борборунун кызматкерлерине карата кылмыш иши козголгон. Алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Азырынча шектүү катары эч кимдин ысымы аталган жок. Бирок, Бишкек ЖЭБине сапатсыз көмүр сатылып алынгандыктан, түтүн көп чыгып жатканы айтылууда. 

Бүгүн, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы жана тергөө тобу ЖЭБдеги абал менен таанышты.

Жылуулук борбордун мунараларынан чыккан коюу түтүн шаар тургундарын түйшөлткөн көйгөйгө айланганына көп эле жыл болду. Айрыкча акыркы мезгилдерде чектен ашып жатканын экологдор айтып коңгуроо кагып келишет. Анткен менен, калааны каптаган кара түтүнгө жалгыз эле жылуулук борборду айыптаганга да болбой турганын айтышат. Жаңы конуштар менен унаалардан чыккан уулу газдын да салымы бар экенин белгилешет. 

Көкөйгө тийген көк түтүндүн себептерин иликтөө үчүн каржы полициясы териштирүү иштерин жыл жаңыргандан тарта колго алды. Азырынча ыкчам тергөө тобу түзүлүп, маселенин чоо-жайын териштирип жатышат. Тергөөчүлөр жана мамлекеттин кызматтын төрагасы бүгүн бул жердеги абал менен жеринен таанышышты. 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы козголгон кылмыш ишинин алкагында сапатсыз көмүр алынган деген божомолду териштирип жатышат. Жагылган көмүрдүн сапаты биздеги эки лабораторияда текшерилип, эки башка жыйынтык чыккандыктан үлгүлөр Казакстанга жөнөтүлдү.

Ошол эле учурда жылуулук электр борборунун адистери көмүрдүн сапаты начар болгондуктан түтүн көп чыгып жатат деген айыптоого макул эмес. Союз учурунда жылуулук борборго сапаты жагынан Кара-Кеченин көмүрүнөн начар делген Караганданын көмүрү жагылып келген. Азыр болсо импорттук көмүр менен бирге эле өзүбүздүн көмүр да пайдаланылат. 

Белгилей кетсек, Бишкек ЖЭБи электр энергиясын өндүрүү менен бирге калаа тургундарын жылуулук жана ысык суу менен камсыздайт. ЖЭБге жагылган көмүрдүн сапаты тууралуу азырынча такталган тыянак чыга элек. Сапаты начар көмүр сатып алды деп кайсы бир аткаминердин ысымы да аталган жок. Бардык маалыматтар тергөөнүн жүрүшүндө ачыктала турганын каржы полициясынан билдиришти.