Жаңылыктар
Бишкек ЖЭБиндеги көмүрдүн сапаты жана экологияга таасири текшерилүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек ЖЭБиндеги көмүрдүн сапаты жана экологияга таасири текшерилүүдө

Бишкектеги Жылуулук электр борборунан чыккан түтүн боюнча козголгон кылмыш ишинин жүрүшү жөнүндө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы маалымат берди. 

Финполдун тергөө бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Рысбаевдин билдиргенине караганда, буга чейин Бишкектеги ЖЭБден зыяндуу заттардын чыгуусу боюнча кылмыш иши козголгон. Анын айтымында, бүгүнкү күндө көмүрдүн калориясы жана экологияга таасири боюнча экспертиза жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы боюнча тергөө иштери улантылат. Биз Бишкектеги түтүнгө ким күнөөлүү деген суроого чекит койгубуз келет, - деди Рысбаев.