Жаңылыктар
УКМК: Мелис Аспеков Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берген деген маалымат жалган
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Мелис Аспеков Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берген деген маалымат жалган

Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда тарап жаткан активист Мелис Аспеков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берген,- деген маалымат жалган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди. 

Атайылап жалган маалыматтарды тараткан жаран Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет. Эскерте кетсек, "Кыргыз Темир Жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган жарандык активист Мелис Аспеков, Улан Жураев кармалган. Андан кийин социалдык тармактарда Аспеков Сыймык Жапыкеевге опузалап талап кылган 250 миң доллардан 50 миң долларын бериши керектигин билдирген маалымат тараган.