Кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлдү. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кылмыштуу топтун киреше булагынан жүз миң сомдон ашык жана бир нече миң доллар акча каражаты табылган.
Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мекемелер аралык жумушчу топ Жазык кодексинин "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу" беренеси боюнча ыкчам тергөө чараларды жүргүзүүдө. Операция Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын демилгеси менен жүрүп жатат. Анын курамына ИИМдин Криминалдык милиция кызматы, УКМК, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгы менен Ыкчам издөө башкы башкармалыгы кирген.
Жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында эркинен ажыратылган жайда криминалдык макамга ээ жана кылмыштуу аракеттерге тиешеси барлардын өздүгү аныкталды. Алар көп убакыттан бери соттолгон адамдарды опузалап, акча талап кылып жүрүшкөн. Кылмыштуу кирешелерге каршы аракеттенүүгө багытталган ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү улантылууда.