Аламүдүн районунда милициянын көчмө кабылдамасы айылдардын жашоочулары менен жолугушууларды өткөрдү.
Аталган райондун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, райондук социалдык өнүктүрүү, билим берүү бөлүмдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте иш алып барышты. Жергиликтүү жашоочуларга кылмыштуулуктун, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, ички иштер министрлиги Чүй облусунун айрым райондоруна милициянын көчмө кабылдамасы катары пайдалануу үчүн жабдылган унааларды берген.