Мыйзам алкагындагы экспортчуларды колдоо керек. Мындай пикирин “Кыргызленд” экспортчулар жана импортчулар ассоциациясынын жетекчиси Ленара Ниязбекова билдирди.
Анын айтымында, "Кыргызленд" ассоциациясы 2016-жылдан тарта “Жерден сатыкка чейинки жол” долбоорунун алкагында айыл чарба азыктарын Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан өлкөлөрүнө экспорттоодо. Мамлекеттин бюджетине салым кошуп, жумушсуздукту, миграцияны тизгиндей турган айыл чарба товарларын экспорттоону жолго коюу үчүн алар өкмөткө 6 пункттан турган расмий кайрылуу жасашты.