Өлкө президентин шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду кабыл алууну аяктап калды.
Алсак, жекшемби күнү өлкөнүн 54 аймактык шайлоо комиссиясы протоколдорун тапшырды. Бүгүнкү күндө аны тапшыра элек 16 аймактык шайлоо комиссиясы бар. Ошондой эле сегиз шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылды. Белгилей кетсек, аймактык шайлоо комиссиясы бардык участкалык шайлоо комиссияларынын маалыматтарын кошуу жолу менен тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат.
Андан соң, жыйынтык таблица болуп түзүлөт. Тиешелүү протоколго кол коюунун алдында, аймактык шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу жыйналыш өткөрүшү керек. Ал эми борбордук шайлоо комиссиясы түздөн-түз аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен, добуш берүү күнүнөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоонун натыйжаларын аныктайт.