Кара-Суу районунун "Савай" айыл өкмөтүнүн башчысы кызматтан алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-январда УКМК тергөө органдарынын өтүнүчү жана Ош шаардык сотунун чечими менен тергөө аяктаганга чейин Кара-Суу районунун "Савай" айылынын өкмөт башчысы кызматынан алынды.
Эске салсак, айыл өкмөт башчысы 13-январда Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышка шектүү катары таанылып, ошол эле күнү Ош шаардык соту тарабынан 2 айлык мөөнөткө үй камагына алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.