Жаңылыктар
Ош облусунун медициналык мекемелерине 26 тез жардам унаасы тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусунун медициналык мекемелерине 26 тез жардам унаасы тапшырылды

Ош облусунун медициналык мекемелерине 26 тез жардам унаасы тапшырылды. Иш-чарага министр Алымкадыр Бейшеналиев катышканын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, унаалар Ислам өнүктүрүү банкынын линиясы менен сатып алынган. 

Жалпысынан банк аркылуу 66 тез жардам унаасы сатып алынып, республиканын бардык саламаттык сактоо уюмдарына таратылмакчы. Буга чейин Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо уюмдарына 9, Жалал-Абад облусуна 11 тез жардам унаасы берилген.