Каракол шаарындагы Жусаев көчөсүндө жайгашкан Макиш базарында жалпы аянты 20 чарчы метр болгон “Кыргыз Бургер” тез тамактануучу жайынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Өрт болгон жерде газ баллон жарылган. Өрттүн кесепетинен 20 жаштагы 1 айым каза болуп, 6 жаран күйүк жана жаракат алышкан. Жабыркаган 3 эркек жана 3 аял тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Учурда өрттүн себеби такталууда.