Өкмөттүн аймактардагы өкүлчүлүктөрүнө келерки жылы ар бир региондо беш жүздөн кем эмес жумуш орундарын түзүү боюнча план даярдоо тапшырмасы берилди.
Өкмөттүн Аппарат Жетекчиси Бактыбек Аманбаевдин төрагалыгы астында өткөн облус жана шаар башчылары менен болгон жолугушууда дал ушундай милдеттеме коюлду. Аманбаев аймактардагы туризм, айыл чарба жана жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүү планын жазуу түрүндө иштеп чыгуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Жыйында облус жана шаар башчыларына бардык тоо-кен ишканаларын кыдырып, алардын көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берүү тапшырмасы коюлду.