Жаңылыктар
Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков ар тармактагы жаштардын өкүлдөрү менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков ар тармактагы жаштардын өкүлдөрү менен жолугушту

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков IT, маданият, искусство, спорт жана башка ар кыл тармактагы жаштардын өкүлдөрү менен жолугушту. 

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу белгилегендей, бул жолугушуу - өлкөнү өнүктүрүүнүн бир катар актуалдуу маселелерин, жаңы идеяларды талкуулоо үчүн жакшы аянтча. Пандемия учурунда жаштар өз позициясын мыкты көрсөткөнүн айткан Новиков, ыктыярчылар көптөгөн маселелерди чечүүдө олуттуу көмөк көрсөткөнүн белгиледи. Жолугушуу ачык баарлашуу менен өттү, анда бардыгы өз ойлорун айтып, мындан ары өнүгүү пландарын талкуулашты. 

Жолугушуунун катышуучулары өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде ишкердүүлүк, креативдүү экономика жана аймактарды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү маселелери тууралуу пикирин билдиришти.