2020-жылдын 6-декабрь күнү Ноокат районунун Кулатов айыл аймагында Кожо-Арык айылынын тургуну 43 жаштагы Ж.А. 2 баш 4 жашар өгүздөрүн 6-декабрь күнү саат 02:00 чамаларда үйүндөгү мал сарайынан уурдап кеткени боюнча арыз жазган. Бул факты Ноокат РИИБне катталып, КР Жазык кодексинин 200-беренесиндеги кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголгон. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Жогорудагылардын негизинде 2020-жылдын 8-декабрь күнү Ноокат РИИБдин Көк-Жар Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн милиция кызматкерлери кылмышкерди табуу үчүн ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүп, алынган ыкчам маалыматтардын жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун Шералы айылынын тургуну 38 жаштагы Н.К. жана Баткен обласынын Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 31 жаштагы У.Э. кармалып, Ноокат РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат. Жоголгон малдардын эттери Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы мал союучу жайдан табылган. Жалпы келтирилген зыян 130 миң сомду түзөт.