Бажы кызматы жыл ичинде санариптештирүү боюнча бир катар ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырды. Натыйжада көзөмөл өткөрмө жайлары аркылуу жүктөрдү өткөрүү убактысын тездетүү, мамлекеттик органдардын бизнес коомчулук менен өз ара аракетин сапаттуу жаңы деңгээлге көтөрүүгө жол ачылды. Бажы кызматы эми дал ошол санарип иш чараларын көзөмөлдөп туруучу бирдиктүү базаны жыл жаңырганга чейин ишке киргизүүнү пландап жатат.
Кыргыз-Өзбек чек арасында жайгашкан "Достук" көзөмөл-өткөрүү жайы. Эми сырттан келген товарларды өткөрүү мурдагыдай көп убакытты талап кылбайт. Анткени текшерүү иштерин тездетип жана сырткы экономикалык ишкерчиликти колдоо максатында бажы кызматы тарабынан пилоттук режимде "Санарип Тамга" инновациялык долбоору ишке кирди.
Бирдиктүү маалыматтык тутумдун жардамында чек арадагы көзөмөлдөөчү ар бир мамлекеттик орган сырттан келүүчү товарлар жана транспорттук каражаттар туурасындагы маалыматтан 15ден 30 күнгө чейин алдын ала кабардар болуп турат. Ал эми, экинчи тарап кайтарым жоопту 15 мүнөттөн көп эмес убакытта алууга тийиш.
Буга кошумча “Түштүк-Батыш” бажысынын жана “Баткен” бажысынын базасында экспорт бажы жол-жобосуна жайгаштырууда товарларды аралыктан чыгаруу боюнча пилоттук долбоорун ишке киргизди. Башкача айтканда, бул электрондук декларациялоого өтүүнүн алгачкы кадамдары. Система бажы кызматы жана бизнес-коомчулугу ортосундагы кагаз жүзүндөгү документтерден электрондук өз ара аракеттенишүүгө өтүүгө мүмкүндүк берет.
Эң башкысы мындай кадам бажы кызматкери менен ишкерлердин ортосундагы жеке байланышты жокко чыгарат. Эми дал ушундай санарип иш чараларын көзөмөлдөп туруу үчүн, бирдиктүү база түзүлдү. Бажы кызматы санариптештирүүнүн өзөгү болгон базаны жыл жаңырганга чейин ишке киргизүүнү пландап жатат.
Бажы тармагындагы мындай иш аракеттер бюджеттин киреше бөлүгүнүн жана анын толукталышынын ачыктыгын камсыздайт. Ошондой эле буга чейинки жарандардын бажы кызматына болгон ишенбөөчүлүгүн жоёт.