Жаңылыктар
Электр жарыгын керектөө өстү
Кыргызстан жаңылыктары
Электр жарыгын керектөө өстү

Суук түшөөрү менен электр жарыгын керектөө өстү. Өткөн бир суткада өлкөдө электр энергиясы эң көп көлөмдө колдонулган. Энергетиктер мындай электр жарыгын арбын өлчөмдө колдонуу эки жыл мурда болгонун айтууда. Мындан улам адистер авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу максатында жарандарга энергиянын кошумча булактарын колдонуу өтүнүчү менен кайрылышты. Ошол эле учурда энергетиктер быйыл себепсиз өчүрүүлөр болбой турганын айтышууда. 

Катуу суука байланыштуу өткөн түндө электр энергияны колдонуу рекорддук деңгээлге жетти. Сутка ичинде 68 миң 800 МВт энергия колдонулду. Ал эми кубаттуулугу боюнча 3240 мегаватт сарпталган. Мындай көрсөткүч өтө чоң көлөмдү түзөөрүн электр тармагынын өкүлдөрү билдирүүдө. Буга байланыштуу декабрда Өкмөт тарабынан электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимити 10% жогору болгон.

Ошол эле учурда өлкө боюнча электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлбөйт. Кыргызстандыктар жаңы жылды үйдөн жарык менен тосот. Бирок, тобокелдиктер бар. Эгерде жарандар электр энергиясын керектөөнү чектебесе, анда автоматтык өчүргүчтөр иштеши мүмкүн.

Ошону менен бирге кырдаалды кармап туруу үчүн түйүн ичиндеги иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бардык туунду компаниялары менен Улуттукэнергохолдинг кыш мезгилине толук даяр. Оңдоп-түзөө иштери 100% аткарылган. Энергетиктер автоматтык өчүрүү, коргоочу жабдуулар иштеп кетпеси үчүн жарандардан электр энергияны үнөмдөп, үйдү жылытууда көмүр жана көгүлтүр отту колдонууга чакырышат.