Жаңылыктар
Конституциялык реформа
Кыргызстан жаңылыктары
Конституциялык реформа

Бүгүнтөн тарта Конституциялык кеңешменин алкагында түзүлгөн эки эксперттик жумушчу топ өз ишин баштады. Алар жаңы Баш мыйзамды укуктук жана лингвистикалык жактан талдап, анын негизинде кемчиликтер жоюлуп, кошумча сунуш пикирлер болсо камтылат. 10-январда болсо Баш мыйзамдагы мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча маселе референдумга коюлмакчы. 

Бул жолу адистер Баш мыйзамдын жаңы долбоорун кынтыксыз кылып иштеп чыгуу максатын коюшкан. Анткени эгемендик алгандан бери Кыргызстанда онунчу жолу Конституциялык реформа өткөрүлүп жатат, бирок буга чейин алардын бири дагы ийгиликтүү болгон эмес. Учурда эки эксперттик топ Баш мыйзамдын мааниси, ошондой эле редакциялык текшерүүдөн өткөрүп жатат.

Конституциянын жаңы вариантында мамлекеттик башкаруу системасы президенттик болуп тандалды. 10-январда мына ушул маселе референдумга чыгарылып, эл парламенттик же президенттик башкарууда жашай турганын өздөрү тандайт. Мурдагыдан айырмаланып жаңы Баш мыйзамда мамлекет башчынын ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги так жазылды. 

Эгемен жылдардан бери өлкөнүн Баш мыйзамы биринчи жолу мамлекеттик тилде жазылды. Эми ал расмий тилге которулуп, лингвистикалык текшерүүдөн өткөрүлөт. Андагы ар бир берене адистердин тыкыр көзөмөлүнөн өтүп жатат. 

Жаңы Баш мыйзам, ошондой эле жарандардын социалдык, экономикалык абалын аныктай турган беренелер менен толукталды. Жергиликтүү бийлик органдары, соттордун ыйгарым укуктары баштаган тармактар да абдан маанилүү болуп саналат. Анткени мурдагы каталарга эми жол берилбеши керек. Ал эми Кыргызстан мындан ары кайсы багыт менен кетет, 10- январда эл өзү референдум аркылуу тандайт. 10- январда эл өзү референдум аркылуу тандайт. 10- январда эл өзү референдум аркылуу тандайт. 10- январда эл өзү референдум аркылуу тандайт. 10- январда эл өзү референдум аркылуу тандайт.