Өлкөнүн башкаруу формасын аныктаган референдум 10-январда президенттик шайлоо менен чогу өткөрүлөт. Жалпы элдик добуш берүүгө зарыл болгон бюллетендер эреже боюнча 31-декабрга чейин даяр болушу зарыл. Борбордук шайлоо комиссиясы календардык план кабыл алып, уюштуруу иштерин баштаганы турат.
Кыргызстандыктар мамлекет башчысын шайлоо менен бирге өлкөнүн башкаруу формасын да аныктаганы турат. 10-январга белгиленген кош добуш берүүгө даярдыктар башталат. Бюллетень мыйзам боюнча референдумга 20 күн калганда даяр болушу зарыл. Бирок шайлоо менен бир күнгө дал келгендиктен 10 күн калганга чейин даярдоого жол берилет.
Бюллетенде 3 графа болот. “Президенттик республика”, “Парламенттик республика” жана эки вариантка тең каршы добуш берүү мүмкүнчүлүгү колдонулат. Айрымдар мөөнөт кыска экенин, элге башкаруу формасынын кемчиликтери менен артыкчылыктары тууралуу маалыматты жеткирүүдө көйгөй жаралып калаарын белгилешүүдө.
Шайлоо менен референдумду бир күндө өткөрүү тажрыйбасы буга чейин да колдонулган. Кыргызстандыктар 2016-жылдын 11-декабрында жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлап, Конституцияны өзгөртүүгө да макул болгон. Эгер шайлоочулардын 30 пайызы добуш берүүгө катышпаса референдум “өткөн жок” деп табылат. Ал эми президенттик шайлоодо андай ченем каралган эмес.