Жаңылыктар
Үгүт иштери башталат
Кыргызстан жаңылыктары
Үгүт иштери башталат

Эртең 15-декабрдан тарта мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоонун үгүт иштери башталат. Боршайкомдо талапкерлердин өкүлдөрүнүн катышуусунда акысыз эфирге чыгууга чучу кулак ташталды. Алар КТРК жана ЭлТР аркылуу элге жеке кайрылууга, убактысы 15 мүнөт болгон атайын чыгарылышка жана иш күндөрү теледебатка катышууга укуктуу. Эфир убактысы кечки саат 20:00дөн түнкү 12:00гө чейин деп каралган. 

20 талапкердин Боршайкомго тапшырган кол тамгаларынын аныктыгы текшерилгенден кийин, 18и шайлоонун кийинки баскычына өттү. Эми алар 15-декбарда үгүт иштерине киришет. Мамлекет тарабынан бекер берилүүчү эфирди пайдалануу кезеги чучу кулак аркылуу аныкталды.

Шайлоону чагылдыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы каттаган 217 жалпыга маалымдоо каражаты бар. Мунун ичинен 72си интернет басылмалар, калганы ТВ, радио, гезит жана мезгилдүү жалпыга маалымдоо каражаттары. Талапкерлер КТРК жана ЭлТР аркылуу элге жеке кайрылууга, убактысы 15 мүнөт болгон атайын чыгарылышка жана иш күндөрү теледебатка катышууга укуктуу. Кайрылуулар менен атайын чыгарылыштар алдын ала жаздыруу аркылуу жүрсө, теледебаттар эки тур менен түз эфирде өтмөкчү. 

Жаңырган жылдын 10-январында президентти шайлоо менен бирге эл президенттик же парламенттик башкаруу системасын аныктайт. Референдум жөнүндө талкуулар түз эфирде ЭлТР МТРКсынын эфиринде болот. 

Боршайкомдон билдиришкендей, жакынкы күндөрү бюллетендин формасы жана тексти даярдалат. Мыйзамга ылайык ал, шайлоо белгиленген күнгө 20 күн калганда даяр болушу керек. Бюллетень даяр болгондон кийин, талапкер шайлоого катышуудан баш тартса же четтетилсе шайлоо комиссиялары тизмеден чийип салышат.