Жаңылыктар
Мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого үгүт иштери бүгүн, 15-декабрдан башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого үгүт иштери бүгүн, 15-декабрдан башталды

Бүгүн Кыргызстанда президенттик шайлоого үгүт иштери башталды. БШКнын маалыматына ылайык, талапкерлер жалпы өлкө боюнча үгүт иштерин баштоого укуктуу. 

Талапкерлердин үгүт иштери алардын шайлоо фондундагы акча менен каржыланууга тийиш. Ошондой эле мамлекет башчылыкка ат салышып жаткандар КТРК жана ЭлТР каналдары аркылуу элге жеке кайрылууга, убактысы 15 мүнөт болгон атайын чыгарылышка жана иш күндөрү теледебатка катышууга укуктуу. 

Мамлекет тарабынан бекер берилүүчү эфирди пайдалануу кезеги чүчүкулак аркылуу аныкталды. Үгүт иштери добуш берүүгө 24 саат калганда, 9-январда токтойт. Кыргызстанда президенттик шайлоого 18 талапкер катталган.