Жаңылыктар
Ысык-Ата районундагы өрт. Кашардын жумушчусу от жагам деп бөлмөнү өрттөп алган
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Ата районундагы өрт. Кашардын жумушчусу от жагам деп бөлмөнү өрттөп алган

Үстүбүздөгү жылдын 13-декабрь күнү саат 14:36 мүнөтүндө Ысык-Ата райондук ӨКМ кызматына Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылындагы чоң Чүй каналынын түштүк тарабында жайгашкан үй өрттөнүп жатат деген маалымат келип түшкөн. Аталган дареке өрт өчүрүү бөлүмү барган кезде, кашардын четиндеги турак жай катары донгон жагы жалындап, өрттөнүп жаткан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Ошол үйдүн ичинен өрт учурунда:

1). 1995-жылы туулган О.к.А.;

2). 2014-жылы туулган Т.А. (эркек бала);

3). 2016-жылы туулган Т.А. (кыз бала);

4). 2017-жылы туулган Ж.Б. (эркек бала) күйүп кеткен жансыз денелери табылып, РИИБнүн кызматкерлерине жана тез жардам кызматына тапшырылып берилди.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, 2020-жылдын 13-декабрь күнү  кашардын жумушчусу 1999-ж.т. Т.А. (эркек киши) от жагуу максатында, кашарга кирип, литрдик желим бөтөлкөсүндөгү күйүүчү майы менен отту жандандыруу максатында меш орун алган бөлмөсүнө кирип, мештин ичине күйүчү майын куйган маалда, өрт желим бөтөлкөгө жабышып, андан соң А.Т. кийимине жабышкан, күйүп жаткан желим бөтөлкө бөлмөгө түшүп, бөлмөнү өрт каптаган. Өзү тирүү калган. Тилекке каршы, бир аял жана 3 наристе каза болуп калды.  

Кашардын узундугу 36 метр, туурасы 16 метрди түзөт. Кашардын дубалы самандан, бөлмөлөрдүн дубалы жыгачтан полу жана шыбы жыгачтан, жылуулук системасы мештен болгон. Чатыры шиферден, балкалары жыгачтан курулган. Өрттүн кесепетинен 320 чарчы метр күйгөн, кашардын чатыры жана эки бөлмөсү жана киребериши күйгөн, 1080 м2 өздүк курам тарабынан сакталып калган.