Жаңылыктар
УКМК Жалил Атамбаевдин уулунун миңдей адам катышкан үлпөт тою боюнча текшерүү иштерин баштады
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК Жалил Атамбаевдин уулунун миңдей адам катышкан үлпөт тою боюнча текшерүү иштерин баштады

Жалил Атамбаев УКМКга суракка чакырылды. Ага карата катаал чара көрүлөт. Ишкер Жалил Атамбаевдин уулунун миңдей адам катышкан үлпөт тою боюнча текшерүү иштери башталды.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, той 12-декабрда Ош шаарында өткөн. «Массалык иш-чараларды жана тойлорду өткөрүүгө чектөө киргизилгенине карабастан, ишкер бизнесмен Жалил Атамбаев 1 миңдей адамдын катышуусунда үлпөт той өткөргөн. Ошону менен катар санитардык-эпидемиологиялык талаптар одоно бузулуп, коомчулуктун нааразычылыгын жаратты», - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары Жалил Атамбаевдин уулу УКМКнын учурдагы кызматкери экени белгилүү болду. Ошондуктан ага карата кызматтык иликтөө башталды. «Анын жыйынтыгында кызматтан алууга чейин тиешелүү чара көрүлөт», - деп билдирди УКМКдан. Ошондой эле Жалил Атамбаев УКМКнын Тергөө кызматына аталган окуянын бардык жагдайларын териштирүү үчүн суракка чакырылды. «Ага карата дагы эң катаал чара көрүлөт», - деп айтылат маалыматта.