Жаңылыктар
Жалал-Абад шаардык мэриясы “Эң мыкты көркөм эстетикалык жасалгалоо” сынагын жарыялады
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад шаардык мэриясы “Эң мыкты көркөм эстетикалык жасалгалоо” сынагын жарыялады

Жаңы жыл майрамына карата элге майрамдык маанай тартуулоо максатында Жалал-Абад шаардык мэриясы “Эң мыкты көркөм эстетикалык жасалгалоо” сынагын жарыялады. 

Ага менчигинин түрүнө карабай калаадагы бардык мекеме-ишканалар катыша алат. Сынакта көрнөк-жарнактардын мазмунуна, кооздугуна, тартылган сүрөттөргө, балатыларга, имараттардын сырткы жасалгасына жана тазалыгына көңүл бурулат. Сынактын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар ыйгарылат. 1-орунга – 10 000 сом, 2-орунга – 7 000 сом, 3-орунга – 5 000 сом байге берилет.