Жаңылыктар
Жыл башынан бери Бишкекте 2 миң 683 мас айдоочу кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Жыл башынан бери Бишкекте 2 миң 683 мас айдоочу кармалды

Жыл башынан бери Бишкекте 2 миң 683 мас айдоочу кармалды. Жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин бузган айдоочуларга карата Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 11 ай ичинде 174 миң 379 протокол толтурулган. 

Натыйжада, автоунааны мас абалында, айдоочулук күбөлүгү жок башкаргандарга, унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып айдаган айдоочулардын баарына айып пул салынып, бүгүнкү күндө 95 миллион 837 миң 565 сом өндүрүлгөн. Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга жол кыймылын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.