Кыргызстанда ири мүйүздүү малдын, жылкынын жана канаттуулардын башынын көбөйүшүнө байланыштуу эт көп өндүрүлө баштады.
Өткөн жылы бардык категориялардагы чарбалар тарабынан 226 миң тонна эт өндүрүлгөн. Бул мурдагы жылга караганда 2,2 пайызга, ал эми 2015-жылга салыштырмалуу 8,6 пайызга көп, -деп айтылат Улуттук статистика комитетинин маалыматында.
Бирок өлкө өзүн-өзү эт менен толук камсыздай албай турганын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришкен. Анда Кыргызстан учурда негизги тогуз азыктын үчөөнү гана өзүнө жеткидей өндүрө алаары айтылган. Алар: сүт, картошка жана жашылча. Ал эми эттин керектеле турган көлөмүнүн 61 пайызы гана өзүбүздө өндүрүлөт.