Американын "Time" журналы АКШнын жаңы шайланган президенти Джо Байден менен вице-президент Камала Харристи "Жылдын адамы" деп тапты.
Журналдын башкы редакторунун белгилөөсүндө, бул наам вице-президентке алгачкы ирет берилип жатат. Мунун себебин ал: "Байден менен Харристин тандеми тарыхый мааниге ээ", - деп түшүндүрдү. Сыйлык ыйгаруу аземи пандемияга байланыштуу онлайн өткөнү айтылды.
"Time" басылмасынын маалыматына ылайык, Байден 44-чү президент Барак Обаманын рекордун жаңылап, АКШ тарыхында президенттик шайлоодо эң көп добушка ээ болгон. Ал эми Харрис жакынкы арада биринчи афроамерикалык вице-президент болот.