Ички иштер министри Улан Ниязбеков алдыдагы Президентин шайлоону өткөрүү учурунда коомдук тартипти сактоо маселелери боюнча онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
14-декабрь күнү ички иштер министри Улан Ниязбеков ИИОнун бөлүктөрүнүн жетекчилерине президентин шайлоону өткөрүү маалында коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүнү жана укук бузууларды алдын алууну күчөтүү маселелери боюнча онлайн кеңешме өткөрдү. Онлайн режиминде өткөн жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.
ИИМдин башчысы ички иштер органдарынын негизги тапшырмаларына көңүл буруп, ички иштер министрлиги алдыда боло турган окуянын маанилүүлүгүн эске алып, шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында коомдук тартип менен коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга багытталган бир катар чараларды көргөндүгүн билдирди.
Республика боюнча 2420 шайлоо участкаларында коомдук тартипти 11 000 чукул милиция кызматкери камсыздайт. Ар бир шайлоо участкаларында милиция кызматкерлери жана жооптуу жетекчи бекитилди.
ИИМдин бардык бөлүктөрү шайлоо бюллетендерин даярдоо жана аны жеткирүү учурунда коопсуздугун камсыздайт. Башкы жана негизги тапшырма-коопсуздук деңгээлин жогорулатуу, кыргызстандыктардын укугун коргоо. Шайлоого байланыштууу бардык жабдыктардын сакталуу коопсуздугу жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын ИИМдин бөлүктөрүнүн, шаардык, райондук башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн башчыларына жүктөлдү.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү маселелери боюнча өткөн онлайн кеңешменин жыйынтыгы менен милициянын ишмердүүлүгүнө байланышкан кошумча чаралар менен уюштуруучулук чечимдер кабыл алынат.