Мамлекеттик каттоо кызматы 80ден ашык ишкердик субъекттери, анын ичинде банктар, финансылык-кредиттик уюмдар, нотариалдык кеңселер жана жеке нотариустар, уюлдук операторлор менен кызматташат.
Өз ара аракеттенүүнүн негизги маңызы Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттордун мамлекеттик реестринен маалыматтарды берүү болуп саналат. Ишкердик субъекттер суроо-талап боюнча өз кардарларынын паспортторунун жарактуу жана жараксыз экендиги жөнүндө маалыматтарды тастыктай алышат.