«Манас» жана Чыңгыз Айтматовдун философиясы деп аталган китеп жарык көрдү. Китептип автору Жумагул Сааданбеков.
Басылмада улуттун көркөм рухунунун туу чокусу болгон улуу мурас - “Манас” жана чыгармалары менен кыргыз маданиятын, тарыхын бүткүл дүйнөгө тааныткан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жөнүндө айтылат. Бул эмгек эки өз алдынча китеп катары - «Манастын философиясы» жана “Чыңгыз Айтматовдун философиясы” болгону менен алар кыргыз элинин руханий биримдиги катары бири-бирин толуктап турат. Эмгектин негизги максаты - эпос менен улуу жазуучуну даңктоо жана баалоо.