Билим берүү жана илим министрлиги орто кесиптик-техникалык билим берүү жана окутуу системасы боюнча Улуттук концепцияны жарыялады.
Мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, иш-чара онлайн форматында өттү. Колледждердин студенттери ишкердик жөндөм боюнча окутулат. "Билим берүү министрлигинин Инклюзивдүү Өсүү Секторун Өнүктүрүү Программасынын алкагында Колледж деңгээлинде ишкердикти үйрөтүү боюнча колдонмо жана окутуучулар үчүн колдонмо иштелип чыккан", - деп белгиленет маалыматта.