Жаңылыктар
Залкар жазуучу Ч.Айтматовду эскерүү
Кыргызстан жаңылыктары

12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу жана башкы консулдуктун кызматкерлери Стамбул шаарынын Малтепе районунда Ч.Айтматов атындагы сейил бактагы эстелигине гүл коюшту. Иш-чарага Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары Султан Раев жана Малтепе районунун башчысы Али Кылыч да катышты.

Кыргызстандын Стамбулдагы консулу Абдрахманов Ч.Айтматовдун түрк элдеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө бир гана жазуучу катары эмес, залкар дипломат катары кошкон зор салымын белгиледи.

Өз кезегинде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары Султан Раев Чыңгыз Айтматовдун элесин түбөлүккө калтырууну жана анын эстелигин орнотууга салым кошкон Түркия тарапка ыраазычылыгын билдирип, жазуучунун түрк элдеринин ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымын белгиледи.

Али Кылыч өз сөзүндө иш-чараны өткөрүү демилгесин көтөргөн башкы консулдукка ыраазычылыгын билдирип, Ч.Айтматовдун инсандыгынын улуулугун эскерип, түрк эли залкар жазуучунун элесин ар дайым эсинде экенин белгиледи.