Жаңылыктар
Кыргызстанда жол коопсуздугу боюнча жаңы комиссия түзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда жол коопсуздугу боюнча жаңы комиссия түзүлдү

Жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өкмөттүн алдында комиссиянын жаңы курамы бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Мындай чечимди премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кабыл алган.

Жаңы курамдын түзүлүшү менен жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча сунуштар менен иштеген мурдагы комиссия күчүн жоготот. Комиссиянын курамына төмөнкү мамлекеттик жана коомдук органдардын аткаминер, активисттери кирди:

Күч түзүмү боюнча Вице-премьер — комиссиянын төрагасы;

ИИМ башчысынын орун басары — комиссия төрагасынын орун басары;

Транспорт министринин орун басары — комиссия төрагасынын орун басары;

Финансы министринин орун басары — комиссия төрагасынын орун басары. Ошондой эле, өзгөчө кырдаалдар, саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, маалымат жана туризм министрлигинен, маалыматтык технологиялар жана байланыш агенттигинен жана башка мамлекеттик, жергиликтүү органдардан, коомдук уюмдардан өкүлдөр комиссиянын курамына кирди.