Екатеринбург-Бишкек авиакаттамы менен медицина кызматкерлеринин муктаждыктарына керек болгон медициналык буюм түрүндөгү гуманитардык жүк келип түштү.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жардамды Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери кыргыз диаспораларынын бирикмелеринин лидерлери жана активисттери менен биргеликте чогултушкан.
Каражат чогултууга Россиянын Свердлов, Челябинск облусунун жана Магнитогорск шаарында жашаган мекендештер дагы ѳздѳрүнүн салымын кошушту. Чогултулган каражатка медициналык буюмдар, тагыраагы медициналык кызматкерлер үчүн халаттар, респираторлор, кол кап менен беткаптар, жеке коргонуу каражаттары сатып алынды.