Жаңылыктар
Малды жана айыл чарба продукцияларын экспорттоого тыюу салууну 2021-жылга жылдыруу сунушталууда
Кыргызстан жаңылыктары
Малды жана айыл чарба продукцияларын экспорттоого тыюу салууну 2021-жылга жылдыруу сунушталууда

Малды жана айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салууну 2021-жылдын январына жылдыруу сунушталууда. Өкмөттүн токтомунун долбоору Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлиги тарабынан коомдук талкууга коюлду. Министрликтин маалыматына ылайык, Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрү менен дыйкандардын тобу кайрылып, жүгөрүнү экспорттоого тыюу салбай эле коюуну суранышкан. 

Дыйкандар буга чейин чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү менен жүгөрү данын жеткирүү боюнча келишимдерди түзүшүп, алдын-ала төлөм жүргүзүлгөнүн билдиришти. 

Эгерде бул чечим кабыл алынса, анда кыргыз ишкерлери келишимди бузуп, ири өлчөмдө чыгымга учурашат. Азыркы тапта 300-400 миң тонна жүгөрүнү башка өлкөлөргө экспорттоого мүмкүнчүлүк бар. 

Ошондой эле малды жана күрүчтү экспортко чыгарган дыйкандар да ушундай эле арыз менен кайрылышкан. Алар Өзбекстанга 100 пайыз алдын ала төлөм жүргүзүү менен тирүү малды жана майда жандыктарды жеткирүү боюнча келишимдер жүргүзүлгөнүн билдиришти. "Кайыңды-Кант" ишканасы да ушундай эле жагдайга туш болду. «Жүгөрү өстүргөн дыйкандардын кайрылуусун эске алуу менен, долбоордо жүгөрүнү экспортко тыюу салынган товарлардын тизмесинен чыгаруу сунушталат. Ата мекендик айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн, долбоор 2021-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстандан экспорттоого тыюу салууну киргизүүнү сунуштайт ”, - деп айтылат министрликтин маалыматында.