Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду дайындоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш 10-декабрда кабыл алынган.
Кабыл алынган мыйзамда Кыргыз Республикасынын бардык аймагында 2021-жылдын 10-январына, жекшемби күнгө референдум дайындоо каралган. Референдумга Кыргыз Республикасын башкаруу формаларын тандоо маселеси чыгарылат. Алар президенттик республика, парламенттик республика, бардык варианттарга каршы. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.