Мамлекеттик Бажы кызматы “Санарип тамга” пилоттук долбоорун ишке киргизди. Программалык камсыздоо чек арадагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен Бажы кызматынын базасына берилген алдын-ала маалыматтарды бөлүшүүгө, товарлар жана транспорттук каражаттар жөнүндө маалыматты ар бир мамлекеттик орган үчүн автономдуу системаны киргизбестен иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.