Жаңы Баш мыйзам Кыргызстандын жаңы тарых барагын ачып, өлкө өнүгүүсүнө өбөлгө түзмөкчү. Эл арасында белгилүү ишмерлер буга чейинки мамлекеттик башкаруулар элдин ишенимин актаган жок деп эсептейт. Элдин мүдөөсүн аткара албаган бийлик дагы бир ирет кулап, алдыда шайлоо өткөнү турат. Бул шайлоо - элдин тандоосуна жол ачты.