ЕАЭБге мүчө болуу Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыт. Биз Биримдиктин алкагындагы маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча ачык жана конструктивдүү диалогду ар дайым колдойбуз. Мындай пикирин Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин видеоконференция форматында өткөн отурумунда билдирди.