Жаңылыктар
Каржы министрлиги тармактагы ачыктыкты камсыздоо максатында жолугушуу өткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Каржы министрлиги тармактагы ачыктыкты камсыздоо максатында жолугушуу өткөрдү

Каржы министрлиги тармактагы ачыкты камсыздоо максатында бейөкмөт уюмдар жана аймактык жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигинин өкүлдөрү менен жолугушту. 

Анда министрлик өкүлдөрү ачыктык боюнча 65% көрсөткүчкө жеткенин, акыркы эки жылда бардык сарпталган каражаттар тууралуу кеңири маалымат берилип жатканы айтылды. Бул арада алыскы аймактардан келген өкүлдөр айылдарда капиталдык курулуш, билим берүү жана кайтарымсыз гранттык каражаттар так жана ачык айтылбай жатканын белгилешти. 

Жыйында министрликке бир катар сунуштар айтылып, жаңы шайланган коомдук кеңештин мүчөлөрү дагы мындан ары министрликтин ишинин ачыктыгы, калк арасында каржы тармагындагы чыгымдарды сарамжалдуу пайдалануудагы ишенимди арттырууга көмөк көрсөтө турганын билдиришти.