Жаңылыктар
Байтик айылында окуучулар ууланган мектеп-интернаттын жетекчилерине айып салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Байтик айылында окуучулар ууланган мектеп-интернаттын жетекчилерине айып салынды

Чүй облусуна караштуу Байтик айылында 23 окуучу ууланган мектеп-интернаттын жетекчилиги менен кызматкерлери айыпка жыгылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 

Эске салсак, 8-декабрь күнү болжол менен саат 23:00дө "Кут Билим" мектеп-интернатынан 20дан ашык бала тамакка ууланып, баары Шаардык балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген. Жабыркагандар 8 жаштан 20 жашка чейинкилер экени айтылган. Маалым болгондой, бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыгарылган. Учурда балдардын абалы канааттандырарлык деп бааланды. 

Аламүдүн райондук Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору балдар ууланган мектепте иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгында санитардык эрежелер бузулганы аныкталган. Бул боюнча протокол түзүлүп, мектеп жетекчиси 23 000 сом айыпка жыгылса, кампачы-камсыздоо менеджери, азык-түлүк жеткирүүчү, медицина кызматкери, ашпозчу 7 500 сомдон айып төлөмөй болушкан. Оорунун очогунда санитардык текшерүү иштери жүргүзүлүп, тамак-аш азыктарынан үлгүлөр алынган. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилээри айтылды.