Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Баткен облусундагы иш сапарынын алкагында өзгөчө макамы бар чек ара аймактарынын калкынын турмушун камсыздоочу жайлардын абалы менен таанышты.
Мамытканов Лейлек жана Баткен райондорундагы чек ара тозотторунда, чек ара жана ички коопсуздук объектилеринде болду. Текшерүүнүн жыйынтыгында Мамытканов тиешелүү кызматтарга мамлекеттик чек араны коргоо жана анын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрүү тапшырмасын берди. Андан соң, Вице-премьер-министр Ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы жана жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүп, анда мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча милдеттерди койду.
«Чек ара аймактарында жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүү керек», - деди Вице-премьер-министр. Мамытканов айрым чек ара аймактарын коопсуздук жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында курулуп жаткан объектилерди да кыдырып көрүп, социалдык мекемелердин, анын ичинде Кулунду айылындагы Исхак Раззаков атындагы мектеп жана бала бакчанын курулушу менен таанышты. Максат Мамытканов белгилегендей, бардык объектилердин курулушу өз убагында бүтүшү керек, ошол эле учурда алардын сапатына да көңүл буруу зарыл. Жумушчу сапарынын алкагында Вице-премьер-министр саламаттык сактоо мекемелеринде жана энергетика жана суу чарба объектилеринде да болду.
«Калкты, өзгөчө чектеш аймактарда жашаган жарандарды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо Өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Алдыда жылытуу мезгили турат, авариялык абал жаралбашы үчүн бардык зарыл чараларды кабыл алуу керек», - деп белгиледи Максат Мамытканов.
Сапардын соңунда вице-премьер-министр чектеш аймактардын тургундары менен жолугушту. Анда тургундар тарабынан социалдык, экономикалык жана электр жарыгына байланыштуу маселелерди көтөрүштү.